Ден соолук, бойго жетүү, мамилелер, секс жана коопсуздук темасындагы заманбап жаштарды кызыктырган бардык нерселер жөнүндө 2 күн акысыз талкуулар, лекциялар жана мастер-класстар.
ноябрь 2022
12-13
Биз ден соолук, дене, укуктар жана сексуалдуулук жөнүндө ачык сүйлөшүү өзүн коргоого, өзү жана башкалар менен саламат жана бактылуу мамиле түзүүгө жардам берет деп ишенебиз.
Tartynbafest — бул уялбай турган мейкиндик. Жакынкы убакта эле тыюу салынган нерсе жөнүндө суроодон жана билүүдөн уялбоо. Нерселерди өз аты менен атоодон уялбоо.
Биз ушул жана буга чейин суроо уят болгон башка көптөгөн суроолорду талкуулоону сунуштайбыз:
  • Эмне үчүн биз секс жөнүндө сүйлөшүүдөн уялабыз?
  • Зордук-зомбулуктан онлайн жана оффлайн кантип коргонсо болот жана абьюзерлерди кантип аныктоо керек?
  • Секс агартуу маданиятка жана салтка каршы келеби?
  • Эмне үчүн бардык жерде тобокелдиктер жөнүндө гана айтылат, ал эми ырахат жөнүндө аз айтылат?
  • Чындыгында феминизм деген эмне жана ал бизге эмне үчүн пайдалуу?
  • Digital секс агартуу ар кандай тажрыйбасы жана көйгөйлөрү бар адамдарды “көрүнөө” кылып, урмат-сый жана кадыр-барк менен жашоого кантип жардам берет?
  • Белгилүү адамдар маанилүү, бирок сезимтал социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө кантип жардам бере алышат?
  • Келечектеги сексуалдык билим кандай болот?
Фестте Кыргызстан, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн ден соолук, мамилелер жана сексуалдуулук боюнча мыкты digital долбоорлорун айтып беребиз жана көрсөтөбүз.
Жаштар жөнүндө, жаштар үчүн жана жаштардын күчү менен. Бизге 100дөн ашык активисттер, блогелер, эксперттер жана журналисттер кошулат.

Фестиваль бардык каалоочулар үчүн ачык*, айрым иш-чараларды онлайн-трансляциядан көрүүгө болот.


Бишкектеги Фестивалга оффлайн катышууга катталып, Сизди кызыктырган нерселер жөнүндө билиңиз!

Фестивалга Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан, Тажикстандан жана Чыгыш Европа жана Борбордук Азия региондорунан катышуучуларды онлайн-катышууга чакырабыз. Социалдык тармактардагы баракчаларда онлайн катышуучулар үчүн атайын сынак.

*Уюштуруучулар Фест күндөрү трансферге жана Бишкекте жашоого байланышкан чыгымдарды төлөбөйт. Бардык катталган жана чакыруу алган катышуучулар ланч_боксторду алышат
Онлайн-трансляция Онлайн-трансляция Онлайн-трансляция
Онлайн-трансляция Онлайн-трансляция Онлайн-трансляция
Tartynba Fest сунуштайт!

Сиздер үчүн биз Кыргызстан менен Казакстандын сексуалдык билим берүү тууралуу эң кызыктуу онлайн платформаларын чогулттук

ОНЛАЙН-ПЛАТФОРМАЛАР
Фестиваль Кыргызстандагы репродуктивдүү ден соолук боюнча Альянс тарабынан БУУнун агенттиктеринин - ЮНЕСКО ИИТО, Калк боюнча фонддун (ЮНФПА) жана АИВ/СПИД боюнча Бириккен программанын (ЮНЭЙДС), ошондой эле Үй-бүлөнү пландаштыруу эл аралык федерациясынын колдоосу жана катышуусу менен уюштурулууда. Уюштуруучулар Люксембургдун Өкмөтүнө көрсөткөн финансылык колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришет.

Өнөктөштөр:
Жыныстык жана репродуктивдүү ден соолук боюнча Казакстан ассоциациясы.
Борбордук Азия жана Европадагы Y-SAFE эл аралык жаштар тармагы.